Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Анын айтымында, тез аранын ичинде бардык посттор, аэропорттор тепловизор менен камсыз болгон. «Эл көп өтчү жерде, Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында экиден тепловизор коюлган. Кыргызстан боюнча жалпы 26 даана тепловизор бар», - деди министр.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов тепловизордун саны аз экенин айтып: «Дүйнө жүзү бул коркунуч менен күрөшүп жатат. Бүгүнкү күндө чара көрүүнүн эч кандай кажети жок деп жатасыңар. Бул туура эмес. Иран, Япония, Корея, Кытайда бул оору күчөп жаткандан кийин өкмөт жыйын өткөрүп, бул маселени тез арада токтотуу зарылдыгын талкуулаш керек. Экономикасы, медицинасы күчтүү Россия транзисттик жол менен киргендерди токтотуп жатат. Силер эмнеге ишенип, киргизип жатасыңар? Ооруган адам өлкөгө кирип калса, ким жооп берет?», - деп нааразы болду.

Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өкмөт тарабынан бардык иш-чаралар көрүлүп жатканын жана айрым мамлекеттердин жарандарын киргизбөө маселеси карала электигин айтты.

Булак: Баракелде