Жубайы Мээрим бүгүн, 26-февралда көз жарганын ырчы сүйүнчүлөдү.

Мирбек социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу кызына Сүйүү деген ысым тандашканын билдирген. Жубайлар 2 кыз, 1 уулдун ата-энеси болушту.

«Азыр эле дагы бир кыздуу болдум. Кызымдын ысымын Алла Тааланын сүйүктүү пенделеринен болсун деп Сүйүү деп атадык. Бардык үй-бүлөдө ар дайым сүйүү болсун жана кыргыздын саны көбөйө берсин», - деген ырчы жубайына ыраазычылык билдирди.

Булак:Баракелде