Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы Калкты тейлөө борбору – 2ге барган учурда билдирди.

«Биз жакын арада буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип, анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго, жалпысынан республикабызга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Белгилей кетсек, республикада жалпы жарандык электрондук паспортторду берүү 2019-жылы башталмак. 2018-жылы 1,2 млрд сомго жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланган.

Эң минималдык эмес сумма – 940 млн 150 миң сом сунуштаган — «Гарсу Пасаулис» литвалык компаниясы жеңүүчү катары таанылган. Немистик Muhlbauer ID Services «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилгенин» билдирип, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, сотко берген.

Биометрикалык паспорттордун берилбей калышы кыргызстандыктарга АКШ мамлекети тарабынан визалык чектөө алып келген. Себеби 2017-жылы Кошмо Штаттарда биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн жарандарынын бул өлкөгө киришин 2020-жылдан тартып чектей турган мыйзам кабыл алынган.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын бул өлкөгө киришин чектеген мыйзам кабыл алган. Алар — Беларус, Мьянма, Нигерия, Судан, Эритрея, Танзания жана Кыргызстан.


Булак: elgezit.kg