Экөө төраганын иш бөлмөсүндө бүгүн, 25-февралда кайым айтышты.

Асанакуновдун иш бөлмөсүнүн алдына өздөрүнүн сөзүн айтуу үчүн 60 чакты адам чогулган. Алардын пикиринде, Асанакунов 3 жылдан ашык убакыттан бери төрагалык кызматты мыйзамсыз ээлеп келет.
Ал жерде чогулгандардын айрымдары Асанакуновдун бөлмөсүнө кирип барышты. Алардын арасында Осмонов да бар.

Иш бөлмөдөгү сүйлөшүү:

Осмонов: - Уятың менен кетип кал. Бет деген калдыбы?!

Асанакунов: - Менин уятым барбы же сиздин уятыңыз барбы?!

Могу киши 10-жылы (2010-жылы) ушул жерде председатель (төрага) болуп турган. 10 млн сом менен 3 кылмыш иши козголуп кеткен. Сенин уятың барбы? Сенин бетиң барбы, ай!

Осмонов: - Сен кайсы курулушта иштедиң, айтчы? Бир күн иштебей алдап келдиң...

Асанакунов: - Соттун баары чечим чыгарып берди го. Сага эмне керек? 3 жыл бою сотко барып келдиң...

Асанакунов бул кызматты мыйзамдуу ээлеп отурганын белгиледи.

Булак: Баракелде