Бул туруалуу Казакстандын соода жана интеграция министри Жанель Кушукова билдирди.
Анын айтымында, Казакстан жакынкы күндөрү Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна Кыргызстанга даттанып кайрылмакчы.
«Биз Кыргызстандын даттануусуна таң калдык. Алардын айыптары негизсиз. Казакстан дагы арыз даярдап жатат», — дейт Жанель Кушукова.
Эскерте кетсек, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна февралдын башында арыз жолдогон. Ага Казакстандын Кыргызстандан бара жаткан жүктөрдү өткөрбөй, жол катар текшерүүгө алып, кошумча акы талап кылганы себеп болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан ЕАЭБтин келишимдерин аткарбай жаткандыгын айткан.
Булак: fakt.kg