Кыргызстандын чет өлкөдөгү бир катар мекемелерине видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында айтылды.
Видеокөзөмөл орнотулган өлкөлөр:
1. Россия (Москва, Екатеринбург, Новосибирск);
2. Корея (Сеул);
3. Казакстан (Нур-Султан, Алматы);
4. Тажикстан (Дүйшөмбү);
5. Өзбекстан (Ташкент);
6. Бириккен Араб Эмираттары (Дубай);
7. Пакистан (Исламабад);
8. Кытай (Пекин, Үрүмчү, Гуанчжоу);
9. Сауд Арабия (Эр-Рияд);
10. Түркия (Стамбул).
Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын чет өлкөлөрүндөгү бардык мекемелериндеги консулдук бөлүмдөргө видеокөзөмөл орнотуу зарылдыгы белгиленди.
Булак: Баракелде