Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Уюштуруу комитети президенттин жарлыгына ылайык түзүлдү. Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы бекитилген планга ылайык майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Майрамдык иш-чараларды, республика боюнча өтө турган маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар талкууланды.

«Ошондой эле 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтар айтылды. Жыйында Бишкек шаарында аскердик жүрүш өткөрүү, Ржев шаарында кыргызстандык жоокерлердин эстелигин орнотуу боюнча пландар тууралуу айтылды. Мындан тышкары Ош шаарында башталып, 8-майда Бишкек шаарында жыйынтыктала турган "Жеңиш оту" марафонун өткөрүү пландалууда», - деп айтылат маалыматта.

Мухаммедкалый Абылгазиев учурда согуштун дээрлик бардык катышуучулары 90 жаштан ашып калганын жана алардын саны жылдан-жылга азайып жатканын айтты. Анын маалыматы боюнча, эгерде 2019-жылы 380 ардагер болсо, азыр 262 ардагер бар.

«Улуу Жеңиштин тарыхый маанисин эске алып, совет элинин эрдигине жана кайратына таазим этип, Жеңиштин 75 жылдыгы бүткүл элдик майрам катары белгиленет», - деди өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгуунун зарылдыгын белгиледи. Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга пландалган иш-чараларды жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта камсыз кылуу тапшырмасы берилди.


Булак: Баракелде