Кыргызстан менен Моңголиянын ортосунда адам уурдоо, барымтага алуу, учактарга куралдуу кол салуу, экологиялык терроризм, химиялык куралдарды колдонуу сыяктуу кылмыштарга бөгөт коюу үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүү планы бар. Буга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

УКМКнын төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков «Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Моңголиянын өкмтүнүн ортосундагы терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндөгү макулашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору ратификацияланып калса, аталган пландар ишке ашып баштайт.

Булак: Баракелде