Башкы прокуратура жергиликтүү кеңештерге болуучу шайлоого карата Ош шаарында жапырт каттоо боюнча мыйзам бузууларды аныктап, сотко чейинки өндүрүшкө алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, каттоо кызматынын өкүлдөрү жарандарды үй ээлеринин айрымдарынын уруксаты жок каттоого коюшканы жана керектүү документтери жок эле ишке ашырганы аныкталган.

Мындан улам 19-февралда Ош шаарынын каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

« Ош шаарынын каттоо кызматы бир даректе 700, экинчи даректе 1000ден ашуун адамды каттоого коюшкан. Ал даректерде убактылуу эч ким жашабайт. Дагы бир 900 адам катталган жерде үй ээсинин бул боюнча кабары жок. Уруксат да берген эмес», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 1-январынан 11-февралына чейин шайлоо өтө турган шаарларга аймактардан келип каттоого турган жарандар көбөйгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламент жыйынында билдиргендей, Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да буга тынчсыздануусун билдиришкен.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-февралда тараткан маалыматта айтылгандай, 12-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге добуш берүүчү шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлүп бүттү. Ага 340 479 шайлоочу катыша алат. Бул жалпы шайлоочулардын 10% түзөт.

Боршайкомдун маалыматына караганда, 12-апрелде добуш берүүгө шайлоо укугу бар, катталган жерине жараша жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар катыша алат.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Булак: elgezit.kg