Алмазбек Атамбаевдин кан басымы нормада. Бул тууралуу кечээ, 21-февралда АКИpress агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, 20-февраль күнү Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына барып, мурунку президент менен жолугушту. А.Атамбаев абактагы шартка даттанган жок.

«Ал ден соолугу тууралуу "акыркы учурларда кан басымым төмөндөп, медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур болуп жатат" деп айтты. Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда дарыгерлер анын кан басымын өлчөдү. Ал нормада экен, ошондуктан тынчсызданууга себеп жок. Аны депутаттар да көрүп чыгып, баары жайында экенин айтышты», - деди Мамытов.

Кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары А.Атамбае менен жолугушкан.

«Кан басымы төмөн экени мурун эле белгилүү болчу, азыр сүйлөшкөндө өзү деле айтты. "Күнүгө өзүмдүкүн өзүм жазып жатам" деди. Анын кан басымы 80/60 болуп жатат. Эртең мененки тогуздан баштап кечки тогузга чейин бал менен чай ичип, көтөрүп жатыптыр. Бирок УКМКнын балдары жакшы мамиле кылып, күнүгө эки жолу спорт залга алып барып жатышканын айтты. Кечээ акыйкатчынын орун басары келгенде тескерисинче кан басымы көтөрүлүп, башы ооруптур», - деген депутат Рыскелди Момбеков.

Депутат Атамбаев ордунан турганда жыгылып кетейин деп жатканын кошумчалаган.

«Ушунчалык аракет кылып жатам, секирчү эмесмин, спорт залга барып секирип жатам. Түрмөнүн ичинде өлүп калбайын деп аракет кылып жатам" деп ачык эле айтты», - деген Момбеков.


Булак: Баракелде