Бишкек шаарына январь айынын башында Пекинден келген Кытайдын жараны (аял киши) 20-февралда тез жардам кызматы аркылуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, текшерүү учурунда анын дене табы 37.6 градуска жеткен.

«Дароо мазок алынып, жыйынтыгында коронавирус инфекциясы тастыкталган жок», - деп айтылат маалыматта.

Кытайлык жарандын абалы, ошондой эле анализдин жыйынтыгы эске алынып, ал кечээ, 21-февралда ооруканадан чыгарылып, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Булак: Баракелде