Бүгүн, 21-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын алдына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Ал жакта 50дөн ашуун адам жүрөт. Көбү Чүй облусунун Арашан айылынын тургундары.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын тобу Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу үчүн УКМКнын абагына кирип кетишкен. Азырынча кайсы депутаттар жолугушууга кирип кеткени белгисиз.
Буга чейин Атамбаевдин жакындары анын кан басымы төмөндөп кеткенин билдиришкен. Ал эми УКМКдан Атамбаевдин абалы туруктуу экенин жана дарыгерлер күнү-түнү нөөмөттө туруп, анын абалын көзөмөлдөп жатканын маалымдашкан.

Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү кечээ, 20-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына барып, Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирген.

А.Атамбаев абактагы шартка даттанган эмес. Анын айтымында, акыркы учурларда кан басымы төмөндөп, медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур болуп жатат.


Булак: Баракелде