Учурда Кытайга 300дөй кыргызстандык жаран барганы тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Бишкекте болгон маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтүн ичинен 23 адам Кытайда эмгектенип, 13 адам үй-бүлөлүк шартына байланыштуу жүрөт. Булар ошол жактан турмуш курган жарандар. Мындан тышкары Кытайда билим алган кыргызстандык студенттер дагы бар.

Кытайдын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-2019-жылдары Кытайдагы окуу жайларда кыргызстандык 4614 жаран билим алган.

«Кышкы каникулдарга жана Жаңы жыл майрамына байланыштуу студенттердин көбү Кытайдан чыгып кетишкен. Кыргызстандык студенттердин көбү Кытайдагы административдик борборлордо жана 50дөн ашуун шаарда бар. Дары-дармектерге, азык-түлүктөргө, медициналык бет каптарга муктаж болгон кыргызстандык студенттерге чет өлкөлүк мекемелердин кызматкерлери жеткирип берип жатышат», - деди ал.

Булак: Баракелде