«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын төрагасы Айтмамат Назаров бүгүн, 21-февралда канча сом эмгек акы ала турганын айтты. Анын айтымында, учурда «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясында» 44 кызматкер иштеп жатат.

«Мен келгенге чейин холдингдин бюджети 74 млн сомду түзчү. Андан кийин оптимизация жасап, бюджетти 53 млн сом кылып кыскарттык. Бүгүнкү күндө бардык кошумча акыны кошкондо 56 миң сом эмгек акы алам. Ал эми кызматкерлердин орточо айлык акысы 22-25 миң сомду түзөт. Менин айдоочум, кызматтык унаам жок, өзүмдүн унаамды колдоном. Холдингде 1 кызматтык унаа бар, аны орун басарым пайдаланат», - деди ал.

Булак: Баракелде