Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Атамбаевдин саламаттыгынын начарлап кеткени тууралуу маалыматты четке какты. Анын абалы туруктуу жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдады.

Буга чейин Атамбаевдин ден-соолугунун оорлошконун анын адвокаты Замир Жоошев жана уулу Кадыр Атамбаев кабарлашкан. Уулу Кадыр Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасында атасынын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин, дарыгерлер бул инсульт, инфаркт жана башка күтүүсүздүк натыйжаларга алып келиши ыктымал экенин айтып жатышканын жазган.

20-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлери учурда УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент менен жолугуп, ден соолугун көрүп чыгышты. Кыйноого каршы улуттук борбордун маалыматына караганда, мурдагы президент кан басымы төмөндөп, башы ооруп жатканына даттанган.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов камакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевден кабар алууга барбай турганын билдирген. Анын айтымында, мурунку мамлекет башчынын ден соолугун дарыгерлер күнү-түнү көзөмөлдөп турат жана УКМКга ишенбөөгө негиз жок.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы үчүн жана башка бир катар беренелер менен айыпталууда. Ал былтыр 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүнөн атайын операциянын негизинде кармалып, камакка алынган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Булак: elgezit.kg