2019-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеӊештин жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Аталган комиссия үч жолу отурум өткөрдү, бирок бажы кызматынан тиешелүү суроолор боюнча толук жана канаатандыраарлык жооп ала элек.
«Азаттык» радиосу журналистик иликтөө жүргүзүп, 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айеркен Саимаити аттуу жаран «Абдыраз» ЖЧКсы аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кеткендигин айткан.
Эскерте кетсек, Айеркен Саимаити 10-ноябрда Стамбулда атылып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган. Шектүүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандыгын алган жарандардын бар экени айтылган.
Булак: Маралфм