Кыргызстанда 204 адам изолятордо дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөгөн ыкчам штабынан билдиришти.
«Баарынын абалы канааттандырарлык. Анализдер алынып, анын жыйынтыгында вирустун белгилери болгон эмес. Жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө качан чыгарын эксперттик комиссия чечет», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Кытайдан Кыргызстанга келген 40 студент эксперттик комиссиянын чечимине чейин ооруканада боло турганы маалымдалды.
Кытайда билим алып жаткан 40 студент 13-февралда Казакстан аркылуу келишкен. Алар Үрүмчү шаарында болуп, чек ара жана аба каттамдары жабылып калгандыктан буга чейин алынган билеттер менен мекенине келе албай жатышкан.
Булак: Баракелде