Корея тарап азырынча Кыргызстан менен түз байланыштырган аба каттамын ачууга даяр эмес. Бул жүргүнчүлөрдүн саны аз экенине байланыштуу.
Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргызстандын өкмөтү менен Кореянын өкмөтүнүн ортосундагы аба байланышын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов эки тараптуу келишим Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы аба жолдорундагы байланышын кеңейтүүгө багытталганын, бирок жүргүчүлөрдүн агымы жетишсиз болгондуктан Корея азырынча аба каттамын ачууга даяр эмес экенин айтты. Аталган келишим ратификацияланып калса келечекте эки тарапка тең пайдалуу болот деген ишеним бар.
Булак: Баракелде