Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 18-февралда Кыргызстандын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адамы (бизнес-акыйкатчы) Робин Орд-Смитти кабыл алды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда өлкөнүн бизнес субъекттеринин укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасын өркүндөтүү чаралары тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Робин Орд-Смитти Бизнес-акыйкатчы институтунун ийгиликтүү ишке кириши менен куттуктады. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында бизнес коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан көтөрүлгөн бир катар артыкчылыктуу маселелер каралганына токтолду.

«Сооронбай Жээнбеков ишкерлер көтөргөн негизги көйгөйлөрдүн бири— бизнес чөйрө менен фискалдык жана укук коргоо түзүмдөрүнүн ортосундагы түшүнүшүүнүн жана натыйжалуу координациянын жок болуп жатканы, ошол себептүү ишкерлер бизнес чөйрөсүндө акыбал начарлап, өлкөдөн инвестиция чыгып кетип жатканын белгиледи. Президент Робин Орд-Смиттин тажрыйбасы мамлекеттик органдар менен ишкерлер натыйжалуу өнөктөш болушу үчүн бизнес жана инвестицияны коргоонун натыйжалуу механизмдерин жөнгө салып, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жоюуга негиз түзө тургандыгына ишенимин билдирди.

Өлкө башчы ишкерлер менен мамлекеттик органдардын ортосундагы талаш-тартыштарды сотко чейинки кароо боюнча азыркы механизмдерди жакшыртуунун маанисине токтолуп, Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлердин ишенимине ээ болуп, мамлекеттик түзүмдөр менен биргеликте бизнести натыйжалуу коргоону камсыз кылат деген ишенимин дагы бир жолу билдирди», - деп айтылат маалыматта.

Робин Орд-Смит көрсөткөн ишеними үчүн президентке ыраазычылык билдирип, бул иште өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосу өтө маанилүү экенин белгиледи.

«Бизнес-акыйкатчы институтун чет өлкөлүк жарандын жетектеп жатканы— өлкөнүн тышкы инвестицияларга ачык экенинин көрсөткүчү», - деди Робин Орд-Смит.

Булак: Баракелде