Кытайдан Кыргызстанга келген 40 студент учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө штабынан билдиришти.

Буга чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков студенттерден анализ алынып, жыйынтыгында аталган оору тастыкталбаганын маалымдаган болчу.

Ал эми Улуттук вирусологиялык лаборатория изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. «Анализдердин негизинде эксперттик комиссия аларды качан ооруканадан чыгаруу керектигин чечет. Баарынын абалы канааттандырарлык. Министрлик тарабынан бекитилген иш-аракеттер алгоритмине ылайык көзөмөл жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

18-февралга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учур катталган жок.

Кытайда билим алып жаткан 40 студент 13-февралда Казакстан аркылуу келишкен. Алар Үрүмчү шаарында болуп, чек ара жана аба каттамдары жабылып калгандыктан буга чейин алынган билеттер менен мекенине келе албай жатышкан.

Булак: Баракелде