Бул токтомго ылайык, 23-февраль – Ата Мекен сакчылар күнү 2020-жылы дем алыш күнгө туш келгендиктен, 24-февраль – дем алыш күн деп жарыяланды.

8-март да дем алыш күнгө туш келгендиктен, 9-март эс алуу күнү болот.

Белгилей кетсек, Эмгек кодексине ылайык майрамдар дем алыш күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.

Ошондой эле кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында өкмөт эс алуу күндөрдү башка күндөргө которууга укуктуу.

Булак: elgezit.kg