Кыргызстанда коронавирус жаныбарлардын арасында бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда Ветеринардык жата фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда депутат Алмазбек Акматов коронавируска каршы күрөшүү боюнча кандай иш-чаралар жүрүп жатканын сурады.
К.Жумаканов бул вирус бронхит оорусун жуктурган үй канаттууларында бар экенин айтты.
«Коронавирустун 50дөн ашуун түрү эсептелинген. Үй канаттуулары, ит жана мышыктардын арасында коронавирус бар. Жаныбарлардын арасында өзүнө тиешелүү коронавирусу боло берет. Ал эми бул Кытайдан чыккан вирус мутацияга дуушар болгон. Белгисиз вирус адамдардын арасында жайылып жатат. Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар азырынча каттала элек», - деди ал.
Булак: Баракелде