Ош шаарында бир үйгө 1300 жаран катталганын мамкаттоо кызматы маалымдаганын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Ачык шайлоо kg» аттуу Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Белгилей кетсек, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 25 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.
Шайлоонун алдында жарандар аймактардан келип, шайлоо өтүүчү шаарларга массалык түрдө каттоого туруп жаткандыгы белгилүү болгон.
Ош шаарында 2020-жылдын 1-январынан баштап 11-февралына чейин 33 миң 805 адам жаңы каттоого турган.
Мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жаткандыгы айтылып, катуу талкууга түшкөн.
Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров жергиликтүү шайлоонун алдында жарандар аймактардан келип, шаарларга чукул каттоого туруп жатышын мамлекеттик деңгээлдеги саясий коррупция катары баалаган.
Булак: elgezit.kg