Кытайдан келген Кыргызстандын жараны - кош бойлуу келин Бишкек шаардык перинаталдык борбордо (№4 төрөт үйү) атайын өзүнчө палатага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, 24 жаштагы Ш.З. (кош бойлууктун 32-жумасы) Кытайдагы университеттердин биринде билим алып жаткан. Ал Бишкекке Москва аркылуу 16-февралда саат 15:00дө келген. Тиешелүү текшерүүдөн өткөндөн кийин саат 18:40та Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөтүлгөн. Сасык тумоо жана коронавирусту текшерүү үчүн анализ алынып, жыйынтыгында бул оорулар тастыкталган жок.

«Ал Ухань шаарында болгон эмес, Ляонин провинциясынын Шэньян шаарында жашаган. Саат 20:40та аталган келин ичи ооруп жатканын айтып, гинекологдор чакырылган. Адистер кеңешме өткөргөндөн кийин кош бойлуу келиндин саламаттыгы үчүн аны шаардык перинаталдык борборго которуу чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө ал өзүнчө палатада жатат, абалы канааттандырарлык», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, кош бойлуу келин узак убакыт - 14-февралдан 16-февралга чейин (Шэньян - Үрүмчү - Пекин - Москва- Бишкек) жол жүргөн.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ухань шаарынан келген кош бойлуу аялды Бишкектеги №4 төрөт үйүнө жаткырууга уруксат бергенин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында депутат Аида Исмаилова («Республика - Ата Журт») билдирген.

«Бизде ансыз деле эпидемиологиялык кырдаал анча жакшы эмес, бет каптардын кымбатташы, булганган аба, эми коронавирус. Мага азыр ушундай болгонун айтышты. Ал [министр] инфекциянын тарашына жардам берип жатат. Дүйнө жүзү өзүнчө карантин зонасын ачып, Кытайдан келгендерди жайгаштырууда. Ал эми бизде кош бойлууларды жаңы төрөгөн энелер жана ымыркайлар бар төрөтканаларга жаткырып, аларга коркунуч жаратып жатышат», - деген депутат.

Отурумга катышкан саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков аталган аялдын саламаттыгы жакшы экенин айткан болчу.

«Бул жерге келерден мурун кыска маалымат алдым. Биз текшерип, так маалымат беребиз. Бирок анын ден соолугу жакшы, муну анализ көрсөттү. Ал тепловизор аркылуу текшерилген, абалы жакшы. Ал эми төрөтканага ден соолугундагы башка көйгөйдөн улам жаткырылды», - деген Исаков.

Булак: Баракелде