Япониядагы круиздик кемедеги 67 адам коронавирус дартын жаңы жуктурду. Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бул маалыматын «Diamond Princess» кемесинин оператору 16-февралда тастыктаган. Дартты жуктургандардын бири Кыргызстандын жараны.
Ал эми Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штабы бул тууралуу маалымат жок экенин АКИpress агенттигине бүгүн, 18-февралда билдирди.
Азырынча Тышкы иштер министрлиги да маалымат бере элек.
Бортто 2,5 миң турист жана экипаждын миңге жакын мүчөсү бар экени маалымдалган. Алар негизинен Россия, Украина жана Германиянын жарандары.
Кемедеги карантин жүргүнчүлөрдүн биринен коронавирус табылганда башталган болчу. Карантин 19-февралга чейин созулат деп болжолдонуп жатат.
Булак: Баракелде