Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты, "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Кенжебек Бокоев "Азаттыктын" "Эки бир" көрсөтүүсүндө суроолорго жооп берип жатып билдирди. Бокоев шайлоочуларды минтип кошумча каттоо шайлоого катышууну көздөгөн айрым саясатчылардын ойлоп тапканы деп эсептеп, мунун кесепети чоң болорун эскертти:
"Мисалы, Ош шаарында мурунку шайлоодо 70 миң киши добуш берүүгө катышкан экен. Эми дагы кырк миңге чукул адам башка жактардан барып, убактылуу каттоого турушту. Албетте, алардын добушу шайлоодо таасир этип, депутаттар шайланып келет. Алар шаардын мэрин шайлашат. Бирок ошону менен Ош шаарынын накта тургундарынын, жарандардын кызыкчылыгы корголбой калып жатпайбы. Мунун кесепети өтө кооптуу. Анткени райондордо шайлоо башталса, шаардыктар барып ал жакка каттоого туруп, шайлай башташат".
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, жакынкы убактарда Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турган. Бул шаарларда 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот.
17-февралда Ош шаарында бир үйгө 1300 жаран каттоого турганы тууралуу маалымат тараган. Мамкаттоо бул жерде мыйзам бузуу жоктугун белгилөөдө. Ошентсе да, бул окуя Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Добуш сатып алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Булак: Азаттык