Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровду колдоо штабы үн тыңшагыч жабдык табышты.

Бул маалыматты жактоочу Бакыт Жумашев социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган.

Анын айтымында, жабдыкты 17-февралда саат 17:00 чамасында табышкан. Алар милиция кызматкерлерин чакырып, Биринчи май РИИБдин кызматкерлери барышты.
2019-жылдын 30-апрелинде Жогорку сотто Садыр Жапаровдун иши каралган. Анда экс-депутаттын жазасы кыскартылганы айтылган. Тактап айтканда, 11 жыл 6 ай мөөнөттөгү жаза 10 жыл деп кыскартылган болчу. Ал 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта.

Булак: Баракелде