Москвада жаштар театрынын режиссёрлору “Ромео жана Жульетта” спектаклин бир нече тилде бириктирип, өзгөчө сахналыштырышты.

Мазмуну барына белгилүү болгон чыгарма орус, кытай, араб, серб, жана кыргыз тилинде жаңырды. Спектакль 4 новеллага бөлүнгөн: жолугушуу, никелешүү, ажырашуу жана өлүм. Ар бир бөлүмдөгү башкы каармандар улам жаңы аткаруучулар менен алмашып турду. Төрт бөлүмдө төрт Ромео жана төрт Жульетта, ар бир окуяда өзүнчө өзгөчөлүк болгон.

Сахнада Ромеонун ролун жараткандардын бири мекендешибиз Аман Уулу Фархад болду. Ал үйрөнчүк актер. Фархад Москва шаарындагы ресторандардын биринде ашпозчу болуп эмгектенет. Ишинен бошогон күндөрү, Москва шаарындагы мекендештерибиз негиздеген “Аян” театрында эмгектенет.

Көрөрмандар үчүн эң кызыктуусу, алардын айтымында, Фархаддын өзүнүн жашоодогу Жульеттасынын колун сурагандыгы болду.

Уильям Шекспир бир кездери айтып кеткендей: «Жакшы менен аяктагандын, баары жакшы”.

Булак: elgezit.kg