Кылычбек Саркарбаев өз арызынын негизинде Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сотко чейин териштирүү иштери башталганына байланыштуу шаардык мэрия Саркарбаевдин маселесин жабыш эшик артында караган. Жыйынтыгында ал убактылуу кызматынан четтетилген.
Эске сала кетсек, Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүүнүн жыйынтыгы айтыла элек.
Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун EREM спорт клубунда машыгып келген.
Ош шаарынын мэриясы 2019 жылдын жыйынтыгы менен Кылычбек Саркарбаевди мыкты жетекчи деп тапкан.
Булак: elgezit.kg