спүрүмдөргө карата 55 кылмыш фактысы катталган. Мындай маалымат Баткен облустук бийлигинин 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган координациялык кеңешмесинде айтылды.

Кеңешмеде балдарга карата ырайымсыз мамилеге, зордук-зомбулукка, укук бузууга байланышкан маселелер талкууланды. Ага облустук жана жергиликтүү бийлик органдарынын бардык тиешелүү жетекчилери жана диний ишмерлер катышты.

Кеңешме балдардын саламаттыгына, жашоо шартына, коопсуздугуна көз салыш үчүн үймө-үй кыдырып, балдардын маалыматтык базасын түзүүнү, ар кандай тобокелчиликтердин алдын алууну жана ата-энелердин жоопкерчилигин түшүндүрүүнү тиешелүү органдарга тапшырды. 

Булак: Азаттык