Нарын облусунун Ат-Башы районунда эки миңге жакын киши логистикалык борбордун курулушуна каршы митингге чыгышты. Жарандык активист Аманбол Бабакулов Фейсбук социалдык тармагында окуя болуп жаткан жерден тартылган видеону жүктөгөн.
Айрым эркектер атчан келишкен. Митингчилердин колдорунда «Биз логистикалык борбордун курулушуна каршыбыз» деп жазылган плакаттар бар.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Ат-Башы районунун 150гө жакын жашоочусу ушундай эле нааразычылык акциясына чогулган.
Милиция кызматкерлери митингде коомдук тартипти камсыздап жатышат.
Булак: VESTI.KG