Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова республикалык штаб зарыл болгон бардык чараларды көрүп жатканын белгиледи. 13-февралга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус менен ооругандар жок.
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы жарандары менен байланышып, алардын укуктарын жана саламаттыгын коргоо боюнча көмөк көрсөтүүдө.
«Кечээ, 13-февралда Пекин—Алматы каттамы аркылуу Кыргызстандын 40 жараны (студенттер) келди. Студенттер тиешелүү текшерүүдөн өтүп, карантинден өткөрүү үчүн убактылуу пункттарга жөнөтүлгөнү маалымдалды. Алардын абалы канааттандырарлык, клиникалык белгилер жок. Кыргызстанга келген бардык жарандар кошумча текшерүүдөн өтүп, карантин учурунда медицина кызматкерлери менен гана байланышта болушат», - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрмө пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп, тиешелүү алдын алуу чаралары кабыл алынды. Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес өлкөлөрдөн келген ар бир жарандын дем алуу системасын текшерүү үчүн термометриялык жана лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлөт. Текшерүү учурунда алар байкоо жүргүзүү пунктуна жайгаштырылат.
Булак: Баракелде