Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө элчи Кастамону аймагынын губернатору Яшар Карадениз менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык жана гуманитардык-маданий өз ара кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгиледи. Мындан сырткары Кастамону аймагында жашаган кыргыз жарандарын коргоо маселелери талкууланды.

Кастамону шаарынын мэринин орун басары Нурай Чолак менен болгон жолугушууда тараптар Нарын жана Кастамону шаарларынын ортосундагы мамилелерди кайрадан калыбына келтирип, кызматташтыкты күчтөндүрүү боюнча макулдашышты.

Элчи Өмүралиев Кастамону университетинин ректору Ахмет Топал менен дагы жолугушуп, университетте билим алып жаткан студенттердин маселелери, жалпы эле билим берүү тармагы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ошондой эле элчи Кастамонудагы Соода-өнөр жай палатасынын (KATSO) башкаруу кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуп, Кыргызстанга инвестиция кылуунун мүмкүнчүлүктөрү, бизнес жүргүзүү шарттары тууралуу баяндама жасады. Мындан сырткары кыргыз жарандардын укуктарын жана мыйзам адындагы кызыкчылыктарын коргоо максатында Кастамону аймагынын миграциялык бөлүмүнүн башчысы Эшреф Шахин жана жооптуу кызматкерлер менен жолукту.

Булак: Баракелде