Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ар көзөмөлү башкы башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев билдирди.
Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 20-февралдан тарта «Ак-Жол — унаа жолу» (КР) жана «Кордай — унаа жолу» (Казакстан) көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.
«Жөө адамдар (чоң жүгү болбосо) бул көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу өтө алышат. Ал өткөрмө жайында курулуш иштери жүргүзүлөт. «Ак-Жол — унаа жолу» саат 06:00дөн 24:00гө чейин иштейт», — деди ал.
«Курулуш иштерин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, кошумча маалымат берилет. Казак тарап өзүнүн аймагында, биз өзүбүздүн жерде оңдоо иштерин жүргүзөбүз», — деди ал.
Булак: elgezit.kg