Бул тууралуу маселени эл өкүлү парламенттин 13-февралдагы жыйынында көтөрдү.

«Ушул жылдын 11-февралында Сокулук районундагы мектептердин биринде окуучунун өз жанын кыйышына байланыштуу өтө кайгылуу окуя катталды.

Тилекке каршы, жаш балдардын мындай өлүмү жылдан-жылга көбөйүп барат. Мисалы, өткөн жылы 46 бала, анын ичинде 26 кыз, 20 эркек бала өз жанын кыйганы, алардын басымдуу бөлүгү толук эмес же ата-энеси чет өлкөлөрдө жүргөн бүлөлөрдө болуп жатканы белгилүү болду.

«Өкмөт бул багытта жалпы коомчулук, атайын адистер менен бирге мамлекеттик деңгээлдеги комлекстүү чараларды көрүшү зарыл. Жаман адат жугуштуу дейт, анысы кандай, мындай жоболоңдуу жосундардан кутула албайбыз, абал мындан дагы оорлошуп кетиши ыктымал» -деди Тулендыбаев.

Ал Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлиги тез арада бул көйгөйгө бөгөт коюу чараларын иштеп чыгуусу зарылдыгын белгиледи.

Депутат ата-энелердин балдарга мамилеси көңүлкош болуп жатканы да көйгөйгө себеп экенин кошумчалап, коом арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү өтүндү.

Булак: elgezit.kg