Демилгечи депутат Дастанбек Бекешев билдиргендей, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, бюджетке бир топ акча түшпөй каларын жүйө келтирген өкмөт сунушка каршы чыккан.
Ал эми талкуу учурунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Айдай Карагулова маалымдагандай, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча 14374 кызматкердин декларациялык маалыматы прокуратурага жөнөтүлгөн.
«Анын ичинен 1579 декларант декларацияны өз убагында тапшырган эмес. Ал эми 5106 декларант декларациялык маалыматтарын такыр толтурбай койгон. Мындан тышкары 7689 декларант маалыматтарды туура эмес тапшырган», - деди Айдай Карагулова.
Депутат Кенжебек Бокоев аталган статистикалык сандар өтө көп экенин белгилеп, декларация тапшыруучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин кошумчалады.
Булак: Баракелде