Аталган ишкана Бишкектеги Вефа соода борборунун азыркы ээси "Аруу Жылдыз" ишканасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну жана соода борборунун ээси катары "Өзгүн Иншаатты" таанууну өтүнгөн.
Жогорку соттун коллегиясы 10-февралдагы отурумунда тараптардын жүйөөлөрүн укту. Сот жараянына Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат да катышты.

Ишти кароо 13-февралда уланат.
Түркиялык "Өзгүн Иншаат" ишканасысы менен "Аруу Жылдыз" ишканасынын ортосундагы 2016-жылы түзүлгөн келишимине ылайык, Вефа соода борбору "Аруу Жылдыз" ишканасынын карамагына өткөн. Түркиялык ишкана бул келишимди жокко чыгарып, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул иш 2018-жылдан бери соттук инстанцияларда каралып келе жатат.
Айрым маалыматтарга караганда, 2016-жылы Түркиядагы төңкөрүштөн кийин түрк бийлиги улутташтырган менчиктердин арасында Вефа соода борбору да бар. Былтыр мартта Кайнак ишканасы Жогорку соттун чечими менен Түркияга өткөрүлүп берилген.

Булак: Азаттык