Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү чакырылган.
2019-жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеӊештин жыйынында кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
«Азаттык» радиосу журналистик иликтөө жүргүзүп, 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейинки мезгилде Кыргызстандан Айеркен Саимаити аттуу жаран «Абдыраз» ЖЧКсы аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарылып кеткендигин айткан.
Эскерте кетсек, Айеркен Саимаити 10-ноябрда Стамбулда атылып өлтүрүлгөн. Буга шектүү катары 4 адам кармалган. Шектүүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандыгын алган жарандардын бар экени айтылган.
Булак: Маралфм