Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

2000-жылы туулган О.А. Кыргызстандан Өзбекстанга 300 медициналык бет капты документи жок алып кетүүгө аракет жасаган. Өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралдагы токтому боюнча Кыргызстандын аймагынан 6 айга чейин дары-дармек жана медициналык каражаттарды алып чыгууга тыюу салынган.

«Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде