Ал КР жана башка Борбордук Азия мамлекеттеринин жарандарын Сирия согуш аймагына жиберүүгө катышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
Бул факт боюнча тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренеси («Жалдануучулук») боюнча каралган кылмышынын негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Булак: Elgezit.kg