Маалыматка караганда, төрөткө келген энелер чакаларга заара кылып жатышат. Сырттагы ажатканалардын абалы да көңүл кейитерлик.
Оорукананын төрөт бөлүм башчысы Тамара Мамаеванын айтымында, суунун жоктугун жана ажаткананын иштебей жатканынан ушундай абалга дуушар болушкан.
«Азыр төрөт бөлүмүндө 3 айдан бери суу жок. Ажатканабыз иштебей турат. Суук түшкөндө суу түтүктөрдү жаңылайбыз деп бүт жакты казып салышты. Иш аягына чыкпай эле токтоп калды. Азыр ошонун айынан суусуз калып, ажатканабыз иштебей жатат. Эң сууну көп керектеген – бул төрөт бөлүмү. Негизи мурдатан эле суу бирде келип, бирде жок болчу. Азыр медайымдар алыс жерден арыктардан сууну чакалап ташып жатышат. Ал суу жетпейт. Жолдор былчылдап ылай болуп жатат. Казып салышкан. Төрөткө келген энелер атайын чакаларга заара кылып жатышат. Аны техкызматкерлер тез-тез сырттагы ажатканаларга төгүп келишет. Сууктун күнүндө жаңы төрөгөн энелерди сыртка чыгарганга болбойт. Кээ бири жийиркенип «чакага отурбайм» деп сыртка чыгып кетишет. Сырттагы ажатканалардын абалы өтө начар», — дейт Тамара Мамаева.
Төрөт бөлүмүндө 6 айдан бери техкызматкер болуп эмгектенген Миргүл Жусупбаева суунун жоктугу тех кызматкерге жана төрөгөн аялдарга көбүрөөк кыйынчылык жаратып жатканын айтты.
«Ажаткананын иштебей жатканына 3 ай болуп калды. Сууктун күнүндө суунун жоктугу ажаткананын иштебей турганы техкызматкерлери менен энелерге кыйынчылык жаратты. Төрөткө келген энелер биотуалет деп коет, атайын чакаларга заара кылышат. 3-4 ирет төгүп келем. Түнкү нөөмөттө тургандар 5-6 жолу төгүшөт. Бири отурса, кийинкиси ага отурбайт. «Төгүп кел» деп айтышат. Түн жарымда экиден эрчишип алып сырттагы ажатканага төгүп келебиз. Эшиктеги бир ажатканабызды дарыгерлер кулпулап коюшат. Алыскы ажатканага барганга мажбур болобуз», — деди Жусупбаева.
Төрөткө келген Куршаб айылынан тургуну Айнагүл (аты өзгөртулдү) айым муздак сууга кол чайкап жатышкандыктарын белгиледи.
«Мен 5-фераль күнү келгем. Чындыгында ажаткана маселеси өтө кыйын экен. Агып турган суу жок. Муздак сууга бети-колубузду жууп жатабыз. Чынын айтканда муз аралашкан суу. Күндүзү сырттагы ажатканага барабыз. Түнү чакаларга отурганы мажбурбуз. Бүгүн эрте менен барсам биотуалеттер толуп калыптыр. Араң отуруп келдим. Бул эмне деген кордук? Бизге негизи суукка чыккан болбойт. Бирок чыкканга аргасыз болуп жатабыз», — деди ал.
Оорукананын башкы дарыгери Нурзия Бекиева мындай нараазычылыктар ич ара ушактардан улам чыгып жаткан сөздөр экенин айтты. Ал эми суу маселеси жакынкы күндө чечилет.
«Бул ооруканага 2013-жылы таза суу долбооруна киргизилген. Ошондо бир аз кемчилдиктер кеткен экен. Ошого байланыштуу түтүктөрдү алмаштырып, суу топтолуучу кампалар ылдыйда жайгашып калгандыктан башка орнотууну чекенбиз. Тендер жарыялаганбыз. Бүгүнкү күндө алар ишин баштаган. Күн жылып, жерден тоң кеткенден кийин токтоп турган иштери кайра уланат. Жакынкы күндөрдө суу кирбей калган бөлүмдөргө суу киргизилет. 2018-жылы өзүбүздүн бюджеттин эсебинен жаңы ажаткана курдук. 1 жылда толду. Тазалатканга мүмкүнчүлүк болгон жок. Себеби көчөдөгү дүкөндөр, кафелерге келген адамдын баары оорукананын ажатканасына киришет. Айланабызда коомдук ажаткана жок.
Азыр эмгек жамаатыбызды ич ара ушак аралап, келише албай жатышат. Мындай нараазычылыктардын бирден бир себеби да ошол», — деди башкы врач.
Аталган төрөт бөлүм 1976-жылдан бери иштеп келет. Жалпы 5 айыл өкмөттү тейлеген төрөткана. Анда 13 койка бар. Жалпы медициналык 20 кызматкер эмгектенет.
Булак: elgezit.kg