Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Борбордук байланыш кызматынын маалымат жыйынында (брифинг) билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жаңжалдын кесепетинен 30 дан ашык жеке үйлөр, 15 соода объектиси жана 23 автоунаа жабыркаган. Жалпы 47 жаран кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алардын жанынан мергенчиликке колдонулуучу эки мылтык табылды. Учурда абал туруктуу.

Кечээ, 7-февралда Кордай районунун Масанчи айылында жашоочулар арасында жаңжал чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланганы тууралуу маалымат тараган. Мессенжерлерге тараган билдирүүлөр боюнча, жаңжал улуттар ортосунда чыккан.

Булак: Баракелде