«Дастан» ишканасы менен индиялык «Бхарат Форж» компаниясы кызматташтык тууралуу меморандум кабыл алышканын Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз делегациясы Индиянын Лакхнау шаарында өтүп жаткан «Defence Expo-2020» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Көргөзмө коргонуу өндүрүшүнө арналган.

«Биз деңиз бизнеси сегментине кирип жатканыбызга абдан кубанычтабыз. «Индияда өндүр» саясатынын алкагында ишмердүүлүгүбүздү кеңейткибиз келет», - деп билдирди «Бхарат Форж» ишканасынын жетекчиси Баба Кальяни.

Меморандумга ылайык, аскердик багыттагы өндүрүмдү чогуу сыноо жана биргелешкен кеңири өндүрүш каралган.

Эки ишкана бул багытта 2019-жылдын сентябрь айынан бери кызматташып келе жатат.

«Дастан» заводу - Советтер Союзунун убагында түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан бирден-бир завод. Анда «Шквал» аттуу торпеда чыгат. 2010-жылдагы апрель окуяларынан соң ишкананы башкаруудагы мамлекеттик үлүш боюнча маселе жаралган.

Булак: Азаттык