Бул тууралуу Кыргызпатенттин жетекчиси Динара Молдошева 6-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди:
«Келишим түзүлөт. Инспекторлор барып, ошол жайдагы орундарды санап, атайын формула менен чыгарат. Телевизор, фонограмма, жандуу үн менен музыка болобу, алар милдеттүү түрдө автордук сый акы төлөйт. 2019-жылы 12 млн. сомго чейин акча чогулттук. Азыр бөлүп берип жатабыз. Былтыр Мирбек Атабеков, Бек Борбиев эң көп сый акы алган авторлор болду».
Бирок аталган ырчылардын канча сом алганы айтылган жок.
Булак: Elgezit.kg