Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Талас шаарынын социалдык-экономикалык абалы талкууланып, айрым инфраструктуралык маселелер көтөрүлдү.

Төрага шаарлардагы жана айылдардагы жетишкендиктер өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп: «Облус борборлору менен алыскы айылдардагы жашоо шартты жакшыртуу, калктын турмушун оңдоо мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Андыктан акыркы жылдары аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып, ал жактагы мектеп, оорукана, жол, таза суу сыяктуу социалдык маселелерди чечүү негизги максат болууда», - деди.

Муну менен катар төрага аймактарга инвестиция тартуу маселеси тоскоолдуксуз колдоого алынышы керектигин билдирди.

«Жергиликтүү кеңештин депутаттары, бийлик жетекчилери да инвестиция тартууга кызыкдар болушу зарыл. Инвесторлорго колдоо көрсөтүү менен жаңы жумушчу орундарын түзүү маанилүү», - деди ал.

Өз кезегинде Талас шаардык кеңешинин депутаттары айрым социалдык маселелерге токтолуп, мектеп, бала бакча жана ички жолдорду оңдоп-түзөө көйгөйлөрүн көтөрүштү. Алар дарыгерлердин жана мугалимдердин жетишсиздиги курч маселе экенин, жаш адистерди турак жай менен камсыздоо маселесин чечүү оор болуп жатканын билдиришти.

Ал эми шаардык кеңештин депутаты Урмат Атагелдиев Талас шаардык аба майданын калыбына келтирүү маселесине токтолсо, депутат Бактыбек Тууганбаев сүт азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүү багытындагы ойлору менен бөлүштү. Ошондой эле депутат Адылбек Жусупбеков Талас шаарындагы мектеп окуучулары китеп жетишсиздигинен кыйналып жатышканын маалымдаса, депутат Нуркан Момунбеков аймакта төө буурчактан башка алма бактарын тигүү менен да зор пайда табууга болорун дыйкандарга түшүндүрүү керектигин айтты.

Төрага Дастанбек Жумабеков көйгөйлөрдү тиешелүү өкмөт өкүлдөрүнө жеткирүү менен алардын чечилишине көмөк көрсөтөрүн убада кылды.

Булак: Баракелде