Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Отурумда белгиленгендей, 2020-жылдын 6-февралына карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус жуктурган учур катталган жок, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, Баткен облусунда 2 жаран коронавируска шектелип ооруканага жаткырылганы тууралуу социалдык тармакка тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Аталган жарандар Кыргызстанга Кытайдан Тажикстан аркылуу келген. Санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери министрлик бекиткен иш-аракеттер алгоритмине ылайык аларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн ооруканага алып барышкан. Эки жарандын абалы канааттандырарлык.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, станционарларда 154 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми 260 адам жашаган жери боюнча көзөмөлдө болуп жатат, баарынын абалы туруктуу.
Булак: Баракелде