Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Бакиевдердин үй-бүлөсүн жакындан тааныган журналист Аскат Тейит бөлүшткөн.
«Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Акаев Аскар Акаевичке уулу Айдардын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Аскар Акаевич, Майрам Дуйшеновна сабыр тилейм. Айдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан жар болуп, жанын жанатта кылсын! Терең кайгыруу менен , Бакиев Курманбек Салиевич», — деп жазылган телеграммада.
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу жана аталаш иниси каза болушту. Уулу Айдар Акаев 5-февралда Москвада көз жумду. Ал 44 жашта болчу. Айрым маалыматтарга караганда, анын жүрөгү кармап калган.
Ушул эле күнү 5-февралда Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу Кубан Акаев Кеминде жерге берилген
Булак: Elgezit.kg