Ага муфтияттын бозо алкоголдук ичимдик болгондуктан, мусулмандар ичүүгө болбой тургандыгы тууралуу фатвасы жем таштады.
Ушуну гана күтүп турган журналисттер камера, диктофондору менен “куралданышып”, муфтиятка жетип барышса, ал жердеги жооптуу кызматкерлер: “Бозо ичүүгө тыюу салган фатва чыккан эмес. Бирок бозо адамды мас кылгандыктан, аны ичүүгө шарият уруксат бербейт”,- деп эки бутун бир кончко тыккандай жооп берип, жолго салышыптыр.
Ал аралыкта социалдык түйүндүн колдонуучусу Иманбек Азизилла уулу бозонун курамы, ден соолукка тийгизген таасири тууралуу оюн төмөндөгүдөй билдирди: “Бозонун технологиясын билесиздерби? Көп ачытылган бозо адамды мас кылышы мүмкүн. Өзгөчө жайкысын ачытылган бозолор күчтүү болуп саналат. Себеби, курамында 2-6 пайызга чейин алкоголь пайда болот. Жаралуу тарыхы 8-9 миң жыл илгерки Месопотамияга чейин жеткен бозо таруу, арпа сыяктуу адал дан өсүмдүктөрүнөн жасалганы менен алардын табияты өзгөрүүгө учурайт. Шариятта бозонун технологиясы, ачытылуу мөөнөтү дыкат каралып (12 сааттан ашса), адамдын ден соолугуна зыян жеткирсе, анда ичүүгө тыюу салынат. Мисалы, жүзүмдүн да табиятын бузуп, шарап жасап ичүүгө тыюу салынган сыяктуу. Бүгүнкү күндө көп жерде бозого арак кошуп сатышат.
Көптөгөн шек жана күмөн себептүү мусулмандарга бозо ичүү сунушталбайт. Ичкиси келгендер динге сөйкөнбөй эле иче беришсе болот. Биттен пил жасап, "улуттук" деген сөздү манипуляциялап, жалган патриот болуштун кереги жок”.
Көрдүңүзбү, кадимки эле арпа, буудайдын кантип “жинди сууга” айланып калышына аны жасап жаткандар “тунук суудан” кошуп салгандыгы себеп болуп аткан турбайбы. Эми бозону ичесизби же күндө окуган беш убак намазым бузулат деп баш тартасызбы, өз эркиңиз. Бир гана муфтиятка сөйкөнбөңүз.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.