Бирок жергиликтүү ЖМКлар Маданият министрлиги оюндун концепциясына туура келбегенине карабастан актёрлордон сырткы кийимчен сахнага чыгууну суранышканын жазып чыгышты. Мындан мурда тээ Даниядан келген сүрөтчү айым Г.Айтиев атындагы сүрөт искусство музейинде дырдай жылаңач болуп өзүн көрсөтсө да ага унчукпай, “бул искусство...”,- дегендей ишаара кылган “маданиятту” маданият министрибиз бул ирет эмнеге эле россиялык көкүрөгү чоң артисттердин мамагын көрүүдөн уялып калгандыгы таң каларлык. Коомчулукта бул маселе кызуу талкууланып атканда Азамат Жаманкулов өзү Санкт-Петербург театрынын актерлоруна сахнага жылаңач көкүрөкчөн чыгууга ким жол бербегенин айтып берди.
Көрсө, маданият министри Россиянын “Искушение” театрынын артисттерине Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасына жылаңач көкүрөкчөн чыгууга тыюу салган эмес экен.
Анын айтымында артисттерден сахнага сырткы кийим менен чыгуууну филармониянын жетекчилиги сураныптыр. Ал эми, Жаманкулов бул тууралуу дүйшөмбү күнү гана угуптур.
- Уюштуруучулар менен филармониянын жетекчилиги муну биргелешип макулдашышкан экен, - деп актанды Жаманкулов. - Мен кечээ гана уктум бул жөнүндө. Биз эч кандай тыюу салган эмеспиз, кылбайт дагы болчубуз.
Муну менен бирге маданият министри кесиптештеринин чечимине кошуларын билдирди. Ал филармонияда өтчү иш-чаралардын белгилүү бир форматы бар экенин эске салды.
- Филармониянын директорун деле түшүнсө болот, - деп белгиледи Жаманкулов. - Бул имаратта иш-чараларды өткөрүүнүн форматы бар. Эгерде алар бул постановканы аянтта, Спорт аянтында же башка жерлерде өткөрүшсө, анда эч кандай чектөө болмок эмес.
Каап, кең көкүрөк орусиялык актриса айымдар алдын ала бул жагдайды тактап алышса же Спорт аянты, такыр болбоду дегенде Г. Айтиев атындагы сүрөт искусство музейинде эле концерт коюшса болмок экен да...
Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.