Мисалы, жакында “Wanderlust Travel Magazine” журналынын окурмандары берген добушка ылайык, Кыргызстан “Туристтик каттамдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөр” наамында алтын сыйлыкты утуп, биринчи орунга ээ болду.

30-январда сыйлыкты тапшыруу аземине Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов катышты. Элчи журналдын окурмандарына ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан туристтик багытын аныктоодо өлкөнүн жаратылышын жана маданиятын баалай алган туристтерге маани берерин айтты.

Сыйлык тапшыруу салтанаты Лондондо “Дестинация: эс алуу жана саякат” деп аталган эл аралык ири туристтик жармаңкенин ачылышында өттү.

“Wanderlust Travel Magazine” журналы жүргүзгөн сынакта “Мыкты туристтик өлкө”, “Мыкты шаар”, “Мыкты аэропорт” жана башка 11 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Аталган журнал жылына он ирет, 40 миңден 80 миң нускага чейин жарык көрөт.

Жыл аягында Кыргызстан эки белгилүү маалымат каражатынын дүйнөлүк туризм боюнча мыкты өлкөлөр рейтингине кирди.

CNN телеканалы Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, “Bloomberg” экономикалык жаңылыктар агенттиги 2020-жылы туризм үчүн кызыктуу боло турган 24 өлкөнүн бири деп атады.

Айтор чиновниктерибиз ууру, элибиз жалкоо болгон менен Кудай берген кооз табиятыбыз, тунук суубуз цивилизациянын туу чокусу деп саналган Европадагы элдердин да суктануусун жаратып, бир көрүүгө зар болуп атышыптыр. Андыктан наалыбай эле жашап, акчалуу туристтерге кызмат көрсөтүп, чөнтөгүн кагып алууну гана өздөштүрүшүбүз керек тура.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.